18.06.2019 16:51

Бишкектин чыгышында эмерек жасоочу цех күйүп жатат (видео)

Бишкектин чыгышында эмерек жасоочу цех күйүп жатат (видео)

Бишкектин чыгышында эмерек жасоочу цех күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо Ибраимов көчөсү менен Матросов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан цехте чыккан.  Аны өчүрүүгө саат 16:12де Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:14тө Свердлов райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:19да Биринчи Май райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:20да Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:15те Штаб, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз.